​Улуу Британия: Борис Жонсон премьер-министр болот

  • 5 лет мурун

Лондон шаарынын мурдагы мэри Борис Жонсон Улуу Британиянын премьер-министри болот.

Бул тууралуу РИА Новости агенттиги маалымдады.

Мурдагы премьер Тереза Мэй Борис Жонсонду куттуктады.

Борис Жонсон шайлоодо жеңип чыгып, консервативдик партияны жетектеди.

Жонсон 92 153 добуш алды, анын атаандашы ТИМ башчысы Жереми Хант — 46 656 добушка ээ болду.

Консервативдик партиянын лидери Британияда автоматтык түрдө премьер-министр болот, себеби алар парламенттеги көпчүлүктү түзөт.

Жонсон Улуу Британияны Европа биримдигинен чыгарууну жактайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты