​Слесарев: «Атамбаев тергөөнүн суроолоруна ЖМК аркылуу жооп берүүгө даяр»

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тергөөнүн кримтөбөл Азиз Батукаевдин кармалышы боюнча бардык суроолоруна жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жооп берүүгө даяр.

Бул тууралуу анын өкүлү Сергей Слесарев билдирүү таратты.

Анда Слесарев Ички иштер органдарына кол тийбестиги бар адамды суракка чакырууга укугу жоктугу, мында мыйзам бузулуп жаткандыгы тууралуу үч жолу билдирүү жибергенин айтты.

Биринчи билдирүү тергөө тобунун жетекчиси Ашыркожоевге, экинчиси ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Асановго, үчүнчүсү Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге жиберилген.

Анда Жогорку Кеңештин 27-июндагы Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча токтому мыйзамсыз экендиги белгиленет.

2019-жылдын 15-майындагы «КР президентинин кепилдиги тууралуу» мыйзамында экс-президент деген статус жок экендиги, мындай статустан ажыратуу процедурасы каралбагандыгы айтылат.

Аталган жагдайлар ИИМге экс-президенттик статустан ажыратуу чечимин өз алдынча кабыл алууга, Конституция менен мыйзамдарды бузууга жол бербей тургандыгын билдирет.

Бирок 22-июлда тергөө тобунун жетекчиси, милициянын подполковниги Э. Ашыркожоев, Ички иштер министринин орун басары полковник М. Каниметов Атамбаев жашаган үйгө барып, суракка байланыштуу мыйзамсыз аракеттерди жасаган.

ИИМдин жооптуу кызматкерлеринин аракети Конституцияга жана мыйзамдарга каршы келип, ИИМ органдарынын кадыр-баркына доо кетирет.

Алмазбек Атамбаев Батукаевдин иши боюнча сурак тууралуу бир нече жолу комментарий берип, мамлекеттик органдарды укуктук талаага келүүгө чакырган.

Алмазбек Шаршенович Батукаевдин иши боюнча ички иштер органдарынын бардык суроолоруна жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ачык жооп берүүгө даяр экенин билдирди Сергей Слесарев.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты