​Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду

  • 5 лет мурун

22-июлдагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Баткен ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Чек арадагы чыр чыккан жерде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев барды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан бир киши каза болуп, кеминде дагы бешөө жаракат алды.

Расмий маалыматтарга караганда, 22-июлда саат 17:20лар чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кетишкен.

Ворух айылына чектеш жайгашкан Кыргызстандын Ак-Сай айылындагылар желектин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган.

Ворух айылы – Кыргызстандын аймагында жайгашкан тажик эксклавы. Анын маңдайында Ак-Сай айылы жайгашкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты