​Чек арада абал туруктуу

  • 5 лет мурун

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдирди.

Чек арада кыргыз жана тажик жарандардын ок атышуусу жана таш менен ургулоосу токтоду.

«Чек арада күчөтүлгөн күзөт коюлду. Исфара-Ворух жолунда кыймыл токтоду. Баткен облусуна Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев жөнөп кетти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр кечээ, 22-июлда чыккан. Айылдын «Ворух» деп жазылган жерине тажиктер желек орнотобуз дегенде ал айылга жанаша жайгашкан Ак-Сай айылынын тургундары каршы болуп, ошондон улам чыр чыккан.

Ворух айылы — кыргыз аймагынын ичиндеги тажик анклавы.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан 22-июлда бир киши каза болуп, кеминде дагы бешөө жаракат алды.

13-мартта да кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал маалында Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургуну жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Тажик тарап бир киши каза болуп, 20дан ашык адам жаракат алганын билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты