​ИИМ өкүлдөрү Атамбаевдин үйүнө барды

  • 5 лет мурун

Алмазбек Атамбаевдин үйүнө, Кой-Ташка, Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү мурдагы президенттин суракка эмне себептен келбей жатканын сураганы барганда, КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева чыгып жооп берди.

—Бийлик укуктук талаага кайтып келмейинче, Алмазбек Атамбаев ИИМге бара албайт. Ал мыйзамсыздыкты колдобойт. Биз Конституциялык палатанын чечимин күтүп жатабыз.

Ал Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик укугунан ажыратуу тууралуу Жогорку Кеңештин токтомуна биздин арызыбызлы карамайынча, эч кандай сурак тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес» деп жооп берди Кундуз Жолдубаева ИИМ өкүлдөрүнө.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик кол тийбестигинен ажыраткан.

Буга чейин ИИМ үч жолу Атамбаевди суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан. Анын себеби мурдагы президенттин тарапташтары муну куугунтук деп эсептешет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты