​«Мир» телерадиокомпания төрагасы «Данакер» ордени менен сыйланды

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июлда, «Мир» мамлекеттер аралык телерадиокомпания төрагасы Радик Батыршинди кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга ошондой эле аталган телерадиокомпаниянын Кыргызстандагы филиалынын директору Динара Сүймалиева да катышты.

Жээнбеков «Мир» телерадиокомпаниясынын төрагасына «Данакер» орденин тапшырды.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен Радик Батыршин КМШ өлкөлөрүнүн элдеринин ортосундагы маданий байланыш жана достукту бекемдөөгө кошкон эмгеги жана жеке салымы үчүн сыйланган.

КР Президентинин тийиштүү Жарлыгына 2018-жылы кол коюлган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты