​Улан Эгизбаевдин элеси унутулбайт

  • 5 лет мурун

“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин көзү өткөнүнө бүгүн туура бир жыл болду.

Анын жылдыгына арналып бүгүн кичи мекени — Кочкордо куран окутулат. Ага экс-президент Роза Отунбаева баш болгон айрым саясатчылар, кесиптештери катышат.

Улан Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Бир жылда Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду түзүлдү. Фонд Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт.

Уюм иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын негиздеген.

Ал жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү — 12-февралда тапшырылат. Быйыл биринчи сыйлык “Азаттыктын” дагы бир журналисти Ыдырыс Исаковго берилди.

Президент Сооронбай Жээбеков Уланбек Эгизбаевди көзү өткөндөн кийин «Эрдик» медалы менен сыйлап, аны ата-энесине тапшырган.

Уланбек Эгизбаевге арналган “Чындык деп жанган өмүр” китеп кыргыз жана орус тилдеринде “Азаттык медиа” мекемесинин демилгеси жана “Сорос — Кыргызстан” фондунун каржылык колдоосу менен жарык көрдү.

Бул китепте анын кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилди.

Булак: “Азаттык”

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты