​Алайдагы Күн-Элек мектебинин курулушу октябрь айында бүтөт

  • 5 лет мурун

Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айылындагы № 39-орто мектеп авариялык абалда, Күн-Элек айылында мектептин жаңы имаратынын курулушу кечеңдөөдө.

Бул тууралуу Президент Ош облусунун алыскы айылдарына 20-июлда барганда белгилүү болду.

Сары-Таш айылындагы № 39-орто мектеп авариялык абалда, Күн-Элек айылында мектептин жаңы имаратынын курулушу кечеңдөөдө.

Ошондой эле медициналык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин жана дарыгерлердин жоктугу тууралуу айтышты, айылдыктарды социалдык коргоо маселелери көтөрүлдү.

Күн-Элек айылындагы мектептин курулушун 2019-жылдын октябрында аяктоо пландаштырылууда.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин маалыматы боюнча, № 39-мектеп 1986-жылы курулган, анда 250гө жакын окуучу окуйт.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты