​Улуттук көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитети түзүлдү

  • 5 лет мурун

Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитети түзүлдү.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Улуттук көчмөндөр оюндарын Талас облусунда үстүбүздөгү жылдын сентябрында өткөрүү пландалууда.

Оюндардын маданий бөлүгү – этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар «Манас Ордо» комплексинин аймагында өтөт.

Ал эми спорттук бөлүгү – Алканов атындагы ипподромдо өтөт.

Улуттук көчмөндөр оюндарынын бардык объекттеринде даярдык иштери жүрүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты