Жаңы кодекстерге байланыштуу 570 киши абактан бошотулду

  • 5 лет мурун

2019-жылдын башынан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге байланыштуу 570 киши абактан бошотулду.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын коомдук кеңешинин төрайымы Чолпон Өмүрканова билдирди.

Анын маалыматына караганда, Жаза аткаруу кызматы жаңы кодекстер боюнча кайра карап чыгуу үчүн сотко 8590 ишти жиберген. Соттор учурда 7092 ишти карап бүттү. Анын ичинен 3100 кишинин жазасы өзгөртүүсүз калып, 721 адамдын ишин кароодон баш тартылды. 2701не мурда берилген жаза мөөнөтү өзгөртүлдү.

Быйыл 1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу тууралуу кодекс күчүнө кирген. Андан тышкары «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар иштеп баштаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты