​Ошто калкты тейлөө боюнча дагы бир борбор ачылды

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 19-июлда, Ош шаарындагы калкты тейлөө боюнча экинчи жаңы борборго барды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовдун айтымында, аталган борбордун иши жаңы форматта жүргүзүлөт.

Бул жерде паспорт берүү кызматы жана жарандык актыны каттоо боюнча жарым-жартылай кызмат көрсөтүлөт.

Калкты тейлөө борборунун имаратынын аянты 300 м² жакын, күнүнө миңге чейин кишини тейлей алат. Мындагы кызматтар автоматташтырылган режимде көрсөтүлөт.

Мамбетов ушундай эле жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору жакында Баткен облусунда ачылганын эске салды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы борбордун ачылышы жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөрүн белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты