​Кыргызстан менен Грузиядагы балдарга болгон зомбулук: көйгөйлөр окшош болгон менен чечүү жолдору башкача

Аналитика

Эки өлкөдө тең балдарга негизинен өзүнүн үйбүлөсү тарабынан зомбулук көрсөтүлөт.

Бул макала алгач Cabar.asia аналитикалык порталында жарык көргөн.

ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2,1 млн бала бар. Бул калктын 36,5%ын түзөт. Балдардын 11%ынын атасы же энеси чет өлкөдө, ал эми 5%ынын ата-энеси экөө тең чет жакта. Зомбулукка кабылган балдардын көбү туугандарына таштап кеткен эмгек мигранттарынын балдары.

Грузияда болсо 14 жашка чейинки жаш балдар калктын 14,6%ын түзөт. ИИМдин маалыматына караганда, зомбулук көбүнчө баланын ата-энеси тарабынан же өгөй ата тарабынан көрсөтүлөт.

Баланы машинеге сүйрөтүшкөн

27-апрелде Бишкектин “Алтын-Казык жаңы конушунда тайкеси жээнин акча уурдадың деп айыптап BMW машинесине байлап алып, тарбиялоо максатында 20 метр сүйрөгөн”. 8 жашар Жанарбек тайнеси жана тайкеси менен чогуу жашаган, атасы жок, апасы болсо Орусияга иштегени кеткен.

Кошуналары милиция чакырып, тайкесин милиция кармап кеткен. Бирок Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылган.

Бул окуя болору менен баланын апасы Кыргызстанга келген. Ал уулун өзү менен чогуу Россияга алып кетерин, аны багып, окутканга бардык шарты бардыгын айтты.

Кыргызстандын Башпрокуратурасынын маалыматтарына караганда, жашы жете элек өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштын жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жасаган кылмыштарынын санынын өсүүсү ички жана тышкы миграцияга байланыштуу.

Жаш балдар көбүнчө карыган чоң ата-чоң энелеринин, туугандарынын колунда калышат, алар жашы өтүп калгандыктан же башка иштер менен алек болгондуктан, балдардын дайыма эмне менен алек болуп жатканын көзөмөлдөй алышпайт.

Ички иштер органдары ар бир короого кирип текшерип чыгышканда, өлкө боюнча 78 930 ички жана тышкы мигранттардын балдарын табышкан. Алардын 83%ы Кыргызстандын түштүк аймактарына туура келет.

Грузиянын ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылдын беш айынын ичинде 110 ата-эне өзүнүн баласына зомбулук көрсөткөн. Алардын 115 учурунда агрессор апасы болсо, 95инде атасы же өгөй атасы болгон. Алардын 79%ына камоо чечими чыккан.

Балдарды көп учурда бетине, башына урушкан, жана дагы балага карата дайыма психологиялык жана физикалык басым жасап келген.

Кыргызстанда али балдар зомбулук көрүп жатканын тиешелүү органдарга кабарлай албаса, Грузияда 115 учурдун 32синде балдар өздөрү жардам сурап милицияга телефон чалышкан. Ошентсе деле көбүнчө зомбулук фактысы боюнча апасы же чоң энеси, айрым учурларда гана кошуналар менен соцкызматтар кабарлаган.

Грузияныны ИИМи жылдан жылга элдин түшүнүгү өсүп жатканын айтат. Алардын маалыматына караганда, бул жылы укук коргоо органдарына кайрылгандардын саны өскөн. Бирок кошуналар менен айланадагылар кайдыгер бойдон калып, балага зомбулук көрсөтүлүп жатканын көп кабарлай беришпейт.

Сот иштеринде жашы жете электердин кызыкчылыктарын толугу менен коргоо үчүн Грузиянын Ички иштер министрлигинде күбө менен жабырлануучунун координатору кызматы түзүлгөн. Бул кызматтын максаты балага тергөө учурунда психологиялык колдоо көрсөтүп зомбулуктун жыйынтыгында алган стрессин жеңип чыгууга жардам берет.

“Грузиянын ИИМинин маалыматына караганда, балдардын 42%ы үйүндө зомбулукка кабылган, 12%ы сексуалдык зомбулукка кабылган. Зомбулуктун эң көп тараган түрү психологиялык зомбулук болуп саналат, аралашма формалары дагы көп кездешет. Балдарга болгон зомбулук боюнча бизде мыйзам бар. Тергөө процесстерин жакшыртуу керек жана балдар кайрадан травма албоо үчүн сөзсүз түрдө балдар менен иштеген психолог дагы тартылышы керек”, - дейт “Сапари” бейөкмөт укук коргоо уюмунун адвокаты Элисо Рухадзе.

Тарбиялык максаттагы зомбулук

Кыргызстанда мигранттардын балдары эле зомбулук көрүп атат деп айтсак адилеттүүлүк болбой калат. Толук үйбүлөнүн балдары дагы, билим берүү мекемелеринин тарбиялануучулары дагы зомбулукка кабылган учурлар бар.

Айрым ата-энелер балдарын тарбиялоо максатында зомбулук көрсөтүшөт. 12-май күнү Бишкектин №3 балдар ооруканасына сабалган бала түшкөнүн айтып милицияга телефон чалышкан. Жети жашар бала кошуналарыныкында ойноп, ошол жакта уктап калганы үчүн атасы “тарбиялоо максатында” сабап салган.

Милиция бул ишти “Аракеттер” тууралуу кодекстин “Үйбүлөлүк зомбулук” беренеси менен каттаган. Бул учур балдарга карата жасалган кылмышты жумшартуунун бир мисалы.

“Жакында эле парламентке балдар тууралуу Кодекстин жаңы реформасы келип түшкөн, ага ылайык, физикалык зомбулукка тыюу салынат жана дагы миграцияга баласын туугандарына таштап кетип жатканда калтырып жаткан адамдарынын туугандык байланышын каттоодон өткөрүүгө милдеттүү. Бул нерсе менен бардык деңгээлде күрөшүү зарыл жана мыйзамдардын маданий нормаларын оңдошубуз керек”, - дейт ЮНИСЕФтин коммуникация бөлүмүнүн кызматкери Айпери Алымбекова.

БУУнун Балдар фондунун иликтөөсү боюнча Грузияда калктын 45%ы балдарга зомбулук көрсөтсө болот деп эсептейт. 60%ы болсо тарбиянын зомбулук көрсөткөн ыкмасы башкаларга караганда эффективдүү экенине ишенет.

“Көп адамдар, анын ичинде мугалимдер, соц кызматкерлер, милиция кызматкерлери дагыт бул нерсе жеке маселе жана ага аралашпаш керек деп эсептешет”, - дейт Грузиядагы ЮНИСЕФтин коммуникация программаларынын жетекчиси Майя Курцикидзе.

Анын айтымында, айланадагылардын мындай пикирде болушу балдарга болгон зомбулук иштери боюнча докладдарды даярдоого тоскоолдук жаратып келет.

Балдарга болгон зомбулукту жок кылуу үчүн бул өлкөлөрдө эмне кылып жатышат

2019-жылдын 1-июнунда Кыргызстанда Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө балдарга болгон зомбулукту жоюу максатында улуттук “Тумар” кампаниясы башталды.

Кампаниянын идеясы – балдарга болгон зомбулукту кабыл алууну өзгөртүү, денесине залака келтирүүгө тыюу салуу жана позитивдүү тарбиялоо боюнча ата-энелерди маалымдоо. Бул мамлекеттик жана эл аралык, бейөкмөт жана коомдук уюмдардын биригип иш алып барганы.

Бул кампания бир жыл бою уланат жана анын максаты “Мен балдарды коргогон – Тумар болом!” деген маани.

“Ар бир чоң адам бул девизге ылайык, ар бир баланы коркунучтан жана апааттан сактоочу болушу керек”, - деп айткан президенттик аппарат.

Грузияда 2014 жана 2016-жылдары мыйзам долбоорлоруна балдарды зомбулуктан коргоо жана эскертүү боюнча аныктамаларды тактаган нормалар кирген. 2010-жылдын сентябрында бардык тармактык министрликтерди жана муниципалдык ишканаларды балдарга болгон зомбулуктун белгилерин аныктап, алардын себебин анализдеп социалдык тейлөө агенттигине жөнөтүүгө милдеттендирген комплекстүү процедуралар киргизилген. Бул агенттик зомбулук болгон учурларды текшерип, биопсихосоциалдык реабилитация боюнча иш аракеттерди пландап, алардын ишке ашуусун жана баланын бакубаттуулугун көзөмөлдөө болуп саналат.

Майи Курцикидзенин айтымында, тиешелүү мамлекеттик мекемелерде адистерди даярдоо иштери жүрүп жатат, аны менен катар, бул процедураларды ишке ашыруучу инструменттер иштелип чыгып жатат. Жыйынтыгында бул агенттикке кайрылгандардын саны көбөйүп, психосоциалдык реаблилитация кызматтарынын жетишсиздигин далилдеген.

2017-жылдын ноябрь айында грузин өкмөтү балдарга болгон зомбулукту токтотуу боюнча глобалдык өнөктөштүккө биригүү максаты бар экенин билдирген, ал эми 2018-жылы глобалдык өнөктөштүктү демилгелеген өлкө болду.

Кыргызстан “Тумар” улуттук кампаниясы менен балдарга болгон зомбулукту жоюу боюнча коюлган тапшырмалардын кайсы бир бөлүгүн болсо дагы чече алабы, жокпу жылдын аягында гана билинет. Грузиянын тажрыйбасынан бул маселени чечүү үчүн бир канча жылдык убакыт кетерин жана мунун үстүнөн талбай эмгектениш керектигин көрүүгө болот.

Бермет Уланова

Аналитика