​Президент олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда, СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, узундукка секирүү боюнча Олимпиада чемпиону, Кыргызстанда төрөлгөн Татьяна Колпакова менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент 1980-жылы Москва шаарында өткөн XXII жайкы Олимпиадалык оюндардагы Татьяна Колпакованын жетишкендигинин күбөсү экенин белгиледи.

Жээнбеков белгилүү спортчуга өлкөбүздө спортту жана дене тарбияны өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн Президенттин энчилүү саатын белекке берди.

Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова Кыргызстанды ар дайым жылуу сезимдер менен эскере турганын айтты.

Белгилей кетчү нерсе, 2019-жылы Татьяна Колпакованын сыйлыгы үчүн турнирге Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Индиядан 200гө жакын спортчу катышты.

Татьяна Колпакова атындагы эл аралык турнир 1997-жылдан бери жыл сайын өткөрүлөт.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты