​Атамбаевди күч менен кармап кеткени жатышат деген маалыматты ИИМ четке какты

  • 5 лет мурун

КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын “Милиция Алмазбек Атамбаевди күч менен кармап кеткени жатат деп ишенимдүү булактар айтты” деген маалыматын четке какты.

“Кундуз Жолдубаеванын билдирүүсү туура эмес. Күч менен бир жарым миң милиция да кармабайт” дешти ИИМдегилер.

КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бүгүн, 19-июлда, күндүн экинчи жарымында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди милиция күч менен алып кете тургандыгын ишенимдүү булактары кабарлаганын фейсбук баракчасында билдирген.

Мурда да, 8-июлда жана 9-июлда да ИИМ Атамбаевди суракка чакырган.

Эки учурда тең жактооочусу Сергей Слесарев бул иш-аракеттер мыйзамсыз экенин белгилеп, Атамбаев да, анын өкүлү да суракка барбай турганын билдирген. Үчүнчү жолкусунда катты ал Ички иштер министрине берүүгө даярдаганын айтты.

Атамбаев үчүнчү жолу да ИИМГе суракка барбаганын анын жактоочусу Сергей Слесарев билдиргенин ЖМК жазды.

25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун көрсөтмөсүнө таянып Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Батукаевди бошотуу боюнча тапшырма бергенин билдирген.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик кол тийбестигинен ажыраткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты