​“Коопсуз шаар”: Айрым айып пул өлчөмү азаят

  • 5 лет мурун

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча комиссиянын жыйынында 1000 сомго чейинки айыпты кыскартуу тууралуу сөз болду.

Анын ичинде комиссия мүчөлөрү Ички иштер министрлигинин Бузуулар жөнүндө кодексинин 123-беренесинде каралган 1000 сомго чейинки тартип бузуулардун айрым түрлөрү үчүн айып пулду азайтууга макул болушту.

Мас абалында унааны башкаруу үчүн 17 500 сом өлчөмүндөгү айып пул өзгөрүүсүз калтырылмай болду.

Маалыматка ылайык, мас абалында жол кырсыктарынын саны кыскарды.Жарым жылдын жыйынтыгы боюнча жогорудагы категория боюнча укук бузуу үч эсеге азайган.

Бул 2 211 фактыны түзгөн (2018-жылдын ушул мезгилинде 5 911 учур).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты