​Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси Нурбек Жолборсов эки айга камалды

  • 5 лет мурун

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун кеңешчиси Нурбек Жолборсов эки айга камалды.

Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, Нурбек Жолборсов 6-июлдан бери камакта отурат. Соттун чечими менен ал эки айга камалган.

Нурбек Жолборсовду Аскер прокуратурасы ири өлчөмдөгү пара менен кармап, камакка алганын «Азаттык» ишенимдүү булактарына таянып кабарлаган.

«Болжолдуу маалыматтарда министрдин жардамчысынын жанынан уран иштетүү боюнча тендерге байланышкан 146 миң доллар табылганы айтылууда» деп жазган басылма.

Өзгөчө кырдаалдар министри кеңешчисинин камалышы тууралуу маалыматы жок экендигин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты