Ысык-Көлдө скутер минип жоголуп, аман табылган казакстандык Алматыга барды

Ысык-Көлдө скутер минип кетип, дайынсыз болуп, 3- күн дегенде аман-эсен келген 53 жаштагы казакстандык Аркадий Мальков Алматыга барды.

Tengrinews.kz басылмасына ал башынан өткөн окуяны баяндап берген. Ысык-Көлгө көптөн бери келип жүрсө да мындай окуяга биринчи жолу кабылганын билдирди.

14-июлда Кара-Ой айылындагы “Алтын-Көл” пансионатында ал скутер минип көлдү айланып жүргөндө суу мотоциклинин бензини түгөнүп калган.

Шамал согуп, толкун аны түштүк жээкке айдап кеткен. Жекшемби, ишемби күндөрү бензини жок скутерде калкып жүргөндө, скутер чөгүп кетип, жээкке беш чакырымдай калганда эптеп сүзүп чыкканын айтып берген.

Аркадий аны издөөгө чоң күч, каражат жумшалып жатканын билген эмес.

Казакстандык жаранды издөөгө Кыргызстанда 12 кеме, 81 куткаруучу, ИИМден 167 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 32 киши тартылган.

Окуя болгон жерге Казакстандын консулу Жасулан Ханалиев келип жана кыргыз тарап менен маселени чечкенин, чөгүп кеткен скутердин баасын Аркадий төлөп берүүгө ээси менен макулдашканын билдирген.

Мурунку аскер кызматкери, спорт менен машыккан, чымыр денелүү болгондуктан, жээке сүзүп чыгып, аман-эсен кайтып келген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты