Алмазбек Атамбаевди суракка күч менен алып барышабы?

  • 5 лет мурун

КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бүгүн, 19-июлда, күндүн экинчи жарымында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди милиция күч менен алып кете тургандыгын ишенимдүү булактары кабарлаганын фейсбук баракчасында билдирди.

«Радикалдуу чаралар оор кесепетке алып келерин бийлик унутуп калган окшойт» деди Жолдубаева.

Буга чейин Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча үчүнчү жолу суракка чакырган.

Маалыматка караганда, чакырууну милиция кызматкерлери 18-июлда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жеткирип берген. Анда Атамбаев күбө катары 19-июлда эртең менен Тергөө кызматына барышы керек экени жазылган.

Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары Кой-Таштагы анын үйүнө чогулуп, 3-июлда «Эски элита кетсин!» аттуу ураан менен митингге чыгышкан. Анда Атамбаев жана анын тарапташтары айрым талаптар аткарылбаса, бийликтин отставкасын талап кылаарын билдирген.

Мурда да, 8-июлда жана 9- июлда да милиция Атамбаевди суракка чакырган.

Эки учурда тең жактооочусу Сергей Слесарев бул иш-аракеттер мыйзамсыз экенин белгилеп, Атамбаев да, анын өкүлү да суракка барбай турганын билдирген. Үчүнчү жолкусунда катты ал Ички иштер министрине берүүгө даярдаганын айтты.

ИИМдин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши жылдын башында кайра жанданып, иликтенип жатат.

25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун көрсөтмөсүнө таянып Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Батукаевди бошотуу боюнча тапшырма бергенин билдирген.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик кол тийбестик статусунан ажыраткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты