​Беларуста Жаныш Бакиевдин уулу шотландиялык офшор аркылуу бизнес кылат

  • 5 лет мурун

Беларус өкмөтүнүн ири агрардык долбоорунда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин инисинин уулу Асылбек Салиевдин да үлүшү бар экенин naviny.by сайты 18-июлда жазып чыкты.

Макалада Асылбек Салиев агрардык долбоордо шотландиялык офшор фирма аркылуу ээлик кылары айтылган.

Британиялык реестрдин маалыматына караганда, 31 жаштагы Асылбек Салиевдин шотландиялык «Altastar LP» жана «Maxforse LP» деген эки компаниядагы үлүшү 75% ашат.

Ошол эле маалда «Беларус улуттук биотехникалык корпорациясынын» бул компаниялардын биринде 11%, экинчисинде 11,5% үлүшү бар.

Жалпысынан Салиев шотландиялык офшор аркылуу корпорациянын 22,5% көзөмөлдөйт. Беларус өкмөтү корпорациянын 25% ээлик кылат.

Өткөн жылы “Беларус улуттук биотехнология корпорациясы” жабык акционердик коомун Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго коёндой окшош Даниил Урицкий деген киши жетектей турганы маалымат каражаттарында жарыяланган.

Асылбек Салиев — Курманбек Бакиевдин иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевдин уулу.

2010-жылы апрель окуясынан кийин бийликтен кеткен Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Беларустан башпаанек тапкан.

Аларды Кыргызстанга экстрадициялоо аракетинен эмгиче майнап чыга элек. Апрель окуясы боюнча соттун жыйынтыгында Курманбек Бакиев 30 жыл, Жаныш Бакиев өмүр бою, экс-президенттин тун уулу Марат Бакиев 27 жылга сыртынан кесилген.

Ал эми кенже уулу Максим Бакиев бир нече кылмышка айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал Лондондо жашап жатканы белгилүү.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты