​Атамбаев vs Жээнбеков. Кыргызстан менен Борбор Азия чөлкөмү мындан эмне алат?

Аналитика

Бул жайда Кыргызстан Борбордук Азияда буга чейин болуп көрбөгөндөй прецедент түздү – тагыраагы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алып, коррупцияга айыптады. Бул макала алгач орус тилинде Cabar.asia аналитикалык порталында жарык көргөн.

Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышы саясый атаандашты аренадан жок кылуубу же чын эле шектүү болгон иштерди иликтөө каалоосубу? Саясий серепчилер бул биринчи кезекте мыйзамдуулуктун үстөмдүк кылышы деген ойдо.

«Бийлик кол тийбестер жок экенин түшүндүрдү. Эгер жогорку кызмат болсо анын жоопкерчилиги дагы эки эсе жогору болушу керек - мыйзам алдында дагы, моралдык дагы. Кала берсе сен президент болсоң дагы сенин жасаган иштериң каралышы мүмкүн», – деп эсептейт саясий серепчи Эдил Осмонбетов.

Анын пикиринде, азыркы кырдаал саясий өнүгүүнүн жаңы деңгээли жана башка өлкөлөр үчүн, анын ичинде Кыргызстандын тажрыйбасына таянгандарга жакшы прецедент. Айрыкча, Борбордук Азия чөлкөмүнө.

“Саясий мааниден алганда биз новатор өлкөбүз. Ортомчусу жок эле бизде активдүү позициябыз бар. Биз жасалма саясий жашоо көрсөткөн жокпуз. Башка өлкөлөр дагы мындан үйрөнүп жатат”, - дейт Осмонбетов.

Азыркы парламент саясий чечим кабыл алганын белгилейт ал. Эми калган иш прокуратуранын колунда. Эксперттин айтымында, жогорку чиновниктерге мындан башка дагы кылмыш иштери ачылышы мүмкүн.

«Чимкирик» чатагы

Ушул жылдын 8-июнунда артка кетпей турган чокуга жеткендей болду. Алмазбек Атамбаев буга чейин деле азыркы бийликтин дарегине ар кандай орунсуз сөздөрдү айтып келген болсо, бул жолу партиялык митингде сөз сүйлөп жатып парламентти “чимкириктер” деп атады. Буга жооп кылып мурдагы президенттин өзгөчө статусун алуу үчүн депутаттар оперативдүү түрдө комиссия түзүштү (алты фракциядан 12 депутат катышкан).

Үч жумадан кийин карама-каршылык апогейине жетти: 103 депутат Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышы үчүн “макул” деп добуш беришти жана бул документти Башкы прокуратурага тапшырышты.

Депутаттык комиссия Атамбаевге алты айып такты, Тарых музейи менен ТЭЦти реконструкциялоо иштеринде коррупцияга аралашкан, мыйзамдагы ууру Азиз Батукаеевдин сырдуу жол менен камактан бошотулушуна катышы бар, ТЭЦке мыйзамсыз көмүр ташуу иштерине аралашкан жана Кой-Таштагы жер тилкесин мыйзамсыз алган деген айыптоолор.

Кайра оппозицияга

Алмазбек Атамбаев бул саясий кадамга дароо жооп кайтарды – Кой-Таштагы үйүнө штаб түзүлүп, ондогон адамдар келе баштады. Саясатчы аны өзүнүн тарапташтары жана ыктыярдуу коргоочулары деп атады.

Ал эми өзүнө тагылган айыптоолорду Атамбаев абсурд катары баалады.

“Сооронбай Жээнбеков менин үнүмдү басуунун башка жолун таппай, мыйзамсыз ойдон чыгарылган айыптоолорду таап отурат. Тилекке каршы, мен чынында эле адамдардан адашкан экенмин. Мага эң жакын болуп жүргөн бир тууган Жээнбековдор баштаган кошоматчылар мага душманга жана сынчыга айланып отурат”, - дейт Атамбаев.

Башпрокурор парламентте айрым тактоолорду киргизди. ӨткүрбекЖамшитов Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынгандан кийин тергөө органдары мыйзам чегинде иш алып барышарын билдирди.

“Ал тергөө органдарына чакырылат жана кааласа көрсөтмө берет, кааласа көрсөтмө берүүдөн баш тартат. Бирок, иште Атамбаевге карата түз көрсөтмөлөр бар, бул боюнча ал түшүндүрмө бериши керек. Ал актоочу алууга жана башкаларга укуктуу”, - деди башкы көзөмөл органдын башчысы азырынча кылмыш иши козголо электигин айтып.

Ал эми Атамбаев өзү маалымат каражаттарына суракка барбай турганын, керек болсо атыша турганын билдирди.

Бумеранг мыйзамы

Көпчүлүк серепчилер менен саясатчылар маалымат каражаттарына маек берген учурларында бул кырдаалдан бумерангды байкоого болорун белгилешкен. Алардын катарында Алмазбек Атамбаевдин президенттигинин учурунда элдешкис атаандаш болуп, камалып чыккан Бишкек шаарынын мурунку мэри, экс-депутат Нариман Түлеев дагы бар.

“Алмаз жөн эле кетип калса болмок, бирок ал башаламандык кылгысы келип жатат. Премьер-министрди, Президентти жана депутаттарды ал кандай гана сөздөр менен атабады! Алты жыл бою өзү мыйзамдуулук иштеши керек деп сүйлөп келди. Бирок Атамбаев президент болуп турган учурда адамдарды далили жок эле отургузуп башташкан. Жыйынтыгында өзү түптөгөн система өзүн жеп жатат. Эми өзү ошол системадан өтүшү керек”, - дейт Түлеев.

Саясий серепчи Орозбек Молдалиев Алмазбек Атамбаев биринчи постту таштап кеткенине бир жылдан ашык убакыт өткөнүн белгилейт. Эми жаңы президенттин көрсөтмөсү менен мурда токтоп турган кылмыш иштерин кайра кароо иштери башталып жатат. Мурдагы аткаминерлер Атамбаевге карата көрсөтмө бере башташты.

“Саткынчылык” жана, “жашырып коюу” деген түшүнүктөр бар. Эгерде кылмышты ачуу тууралуу кеп болуп жатса, жаңы президент кимдир бирөөнү жаап-жашырышы керекпи? Эгерде Атамбаевдин күнөөсү жок болсо анда Батукаевди бошотууга ким тапшырма бергенин айтсын”, - дейт Молдалиев.

Анын айтымында, 2016-жылы Атамбаев атайын Сапар Исаковго (учурда камактагы – ред) ылайыктап премьер-министрдин позициясын бекемдеген, Конституцияны өзгөрттү, президенттикке досун алып келип, анан көшөгөнүн артынан өлкөнү башкара берем деп ойлогон.

“Дирижерлук кыла албай калды – баарын жакшы ойлонгон эмес экен. Эми Атамбаев күнөөлүүлөрдү издеп жатат. Ал өзүн күнөөлөш керек. Анткени, өзү түзгөн нерсенин баарын кайра өзү жок кылды. Кала берсе, кайсы бир учурда күчтүү болуп турган өзү түзгөн партияны дагы” , - дейт серепчи.

Муну менен катар эле саясий серепчилер бул кырдаал өлкөнүн имиджи үчүн эч кандай тоболкелдик жаратпай турганын белгилешүүдө. Тескерисинче, бул прецедент абдан маанилүү – укуктук салтты калыптандырат.

“Борбордук Азияда саясий өнүгүү боюнча биз бир кадам алдыда келе жатабыз. Эң башкысы мунун баары мыйзам чегинде болушу шарт. Бул иште шашпаш керек. Эки тараптын тең өзүнүн тарапташтары, атаандаштары бар, алар күчтүү”, - деп белгилейт саясий серепчи Тамерлан Ибраимов.

Бирок ал кескин өзгөрүүлөрдү күткөн жок.

“Азыркы бийликке карата чоң нааразычылыкты көргөн жокмун. Ал өзүнүн бекемдигин көрсөтүп жатат. Азыркы президент пауза ала алды, болбосо анын дарегине кандай гана сөздөр айтылбады, ага анча-мынча адам унчукпай кое алмак эмес. Бул саясий күрөш экени түшүнүктүү. 2020-жылдагы парламенттик шайлоо тууралуу дагы унутпаш керек – КСДП күчтүү партия”, - дейт Ибраимов.

Ал эми саясий серепчи Марс Сариев болсо башка тобокелдиктер бар экенин белгилейт. Анын айтымында, саясий элитанын маанилүү звеносу болгон Атамбаевди түрмөгө камоону күтпөшүбүз керек.

“Атамбаевди алып салсаңар бийлик бат эле бакиевдик режимге айлана баштайт – кландар бардык жерди ээлеп алат. Ал азыр эптеп болсо дагы оппозициянын ролун аткарып жатат. Бул учурда Жээнбеков саясий элитаны жаңылашы керек, анткени азыркылар болбой калды – андан банкротту гана көрүп турабыз”, - деп эсептейт Сариев.

Эң башкы тобокелчилик катары регионалдык маселени белгилейт. Сариевдин пикиринде, эгерде Атамбаев камалса, Жээнбеков түштүктүк командир катары көрүнө баштайт. Бул нерсе башаламандык коркунучун жаратат.

“Атамбаев азырынча эркин атаандаш болуп атканынын себеби, Москва ага “суу куйган” жок. Ал көп жашыруун тапшырмаларды аткарып келген. Жок дегенде авиабазаны эстегиле. Жээнбеков Москвага көп байланган жок. Атамбаевде Москванын, Ташкенттин, жана Нур-Султандын кызыкчылыгы бар. Алар Атамбаевдин камалышын каалабайт”, - дейт Сариев.

Реакциянын жоктугу дагы реакция

Бирок башка өлкөлөрдүн бийлиги менен саясатчылары кийлигишпегенге аракет кылып жатат. Расмий Москванын бир комментарийин РИА-Новости агенттиги жарыялады.

“Кремль Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик статусунун алынышы бул мамлекеттин ички иши экенин белгилейт. Биз бул ишке кийлигише албайбыз жана кийлигишели деген оюбуз дагы жок”, - деди Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Ал эми АКШнын мамдепартаменти болсо өзүнүн жарандарын Кой-Ташка барбоого чакырган электрондук кайрылуу таратты.

Башка реакция болгон жок.

Ким утту?

Өлкө демократиялык жана укуктук кадам жасап жатат деген оптимисттик ойду карманган саясий серепчилер менен КРдагы Россиялык стратегиялык иликтөөлөр институтунун серепчиси Сергей Масаулов макул эмес.

CABAR.asia порталына берген маегинде ал бийликтин алмашышы жана позициянын бекемделиши мурдагыдай эле болгонун, коомчулук болсо күчтүү адам келип, баарына жете турган байлыкты бөлүп беришин күтүп жатканын белгилейт.

“Бул учурда конфликт эмнеде? Бул нерседен коомчулук эмне алат? Бийликтин ишке ашуу принциптери өзгөрдүбү? Коомчулукта лидерлердин жүрүм-турумуна баа берүү өзгөрдүбү? Жок. Коомчулук алдыга кадам жасаган жок, мындан эч нерсе албады. Өлкө мурдагыдай эле ордунда токтоп турат жана ачык көздөрү менен уктап жатат”, - дейт серепчи.

8-июлда КРнын ИИМинин Тергөө башкармалыгына Атамбаевди суракка чакырган кагазды КСДПнын өкүлүнө тапшырышты. Анын актоочусу Сергей Слесарев Атамбаев суракка барбай турганын, анткени, ЖКнын анын кол тийбестигин алышын тааныбай турганын билдирди.

Ал эми Атамбаев өзү Кой-Таштагы үйүнө түзүлгөн штабда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып бийлик мыйзам жолуна кайтып келиши керектигин айткан.

“Мага бул айыптарды тагып жаткан шоуну уюштуруп жатканда бийлик бардык мыйзамдарды, Конституцияны бузду, мыйзам чегинен чыгып кетишти. Алар Сооронбай менен Матраимовдордун ойлоп тапкан түшүнүктөрү менен ойногусу келип жатат, мен адегенде бийлик мыйзам талаасына келиши керек деп эсептейм. Минтип Конституция менен мыйзамды тепселебеш керек да”, - дейт Атамбаев.

Азыркы учурда кол тийбестик статусу бар Кыргызстандын жападан жалгыз Президенти Роза Отунбаева гана калды.

Мария Зозуля

Аналитика