​Шамил Атахановду сурак учурунда «Тез жардам» алып кетти

  • 5 лет мурун

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановду сурак учурунда «Тез жардам» машинасы алып кетти.

Бул тууралуу күч структура кызматкерлери «Кактус медиага» билдирди.

Алардын айтымында, бүгүн, 18-июлда, ИИМдин Тергөө кызматы Шамил Атахановду суракка алган учурда анын саламаттыгы начарлап, тергөөчүлөр «Тез жардам» чакырган. Атаханов ооруканага жаткырылган.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов 21-майда кармалып, кайра бошотулган болчу.

Алты жыл мурда кримтөбөл Азиз Батукаевдин ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алар үй камагына чыгарылган.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө. Анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган.

Батукаевдин иши боюнча экс-баш прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин абакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча Нарын шаардык сотунун мурдагы соту Жапар Эрматов ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан 22-июнда Эрматовду эки айга, 22-августка чейин тергөө абагына камакка алуу чечими чыгарылган.

Мурдагы прокурор Майрамбек Акматалиев кармалып, үй камагына чыгарылган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты