​Кыргызстандын жана Кореянын өкмөт башчылары жолугушту

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ён менен жолугушту .

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, эки тараптуу кызматташууну активдештирүү үчүн бардык шарттар бар.

Премьер-министр кыргыз тарап эки өлкөнүн ортосунда саясий диалогду улантуу маселесине өтө чоң маани берерин айтып, мындан ары да ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууга даяр жана ачык деп белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуусу эки тараптуу негизде, ошондой эле көп тараптуу форматта дагы өнүгүп келе жатат. Ушуга байланыштуу «Борбордук Азия – Корея Республикасы» форумун андан ары өнүктүрүү демилгесин толугу менен колдойбуз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Корея Кыргызстанга шайлоо процессин өркүндөтүүгө колдоо көрсөтүп жаткандыгын белгилеп, натыйжада парламенттик жана президенттик шайлоолор ачык-айкын, адилеттүү атаандаштык шарттарда өтүп, өз учурунда ал өлкөдө демократиялык өзгөртүп түзүүлөрдүн жогорку деңгээлин көрсөткөнүн айтты.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн бизнес-форумдагы болгон жыйынтыктарды да белгиледи.

«Кечээ биз, сиздер менен кыргыз-корей бизнес-форумуна катыштык, анын алкагында бир катар инвестициялык жана соода-экономикалык келишимдерге кол коюлду» деди Өкмөт башчы.

Өз учурунда Корея премьер-министри Ли Нак Ён бүгүнкү жолугушуу эки тараптын кызматташуусуна чоң салымын кошорун билдирди.

Ошондой эле Корея өкмөт башчысы Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өлкөдө демократия жана мамлекеттик баалуулуктарды өркүндөтүүдөгү лидерлик сапаттарын белгиледи.

Мындан тышкары Кыргызстан ШКУ жана ЕАЭБдин алкагында регионалдык кызматташууга өз салымын кошуп жаткандыгына жогору баа берерин баса белгиледи.

17-июлда Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён Кыргызстанга расмий сапар менен келген.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты