​Өлкөгө 183 млн. сом зыян келтирген кыргыз-кытай майнинг-фермасы аныкталды (Видео)

  • 5 лет мурун

Бишкекте бир нече кичи райондорго жете турган электр энергиясын пайдаланган, өлкө бюджетине 183 млн. сомдон ашуун зыян келтирген майнингферма аныкталды.

Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Экономикалык кылмыштуулукка күрөш боюнча кызматтын (Финполиция) басма сөз кызматы кабарлады.

Мындай учур Кыргызстанда биринчи жолу катталып жатканы белгиленди.

Аталган кылмыш иши «Салыктан качуу», «Кылмыштуу кирешени (каражаттарды) адалдоо» беренелеринин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кытай жана Кыргызстандын жарандары компьютердик программаларды иштеп чыгуу жана аларды изилдөө лабораториясы деген негизде Т.Ц. аттуу ишкана ачып иштеп келишкен.

Алар өздөрүнүн санарип акча, криптовалюта (биткоин) түзүү боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келгени аныкталган.

Муну менен катар алар эсептеп чыгаруучу системаны, телекоммуникация жана байланыштагы жаңы каражаттарды (компьютердик жабдуулар-блокчейн) колдонушкан.

Кыргызстандын жараны ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон жана ал майнинг-фермага электр энергиясын жеткирип берген.

Ортомчулук кызматы үчүн компания 2018-жылы 21 млн. сом киреше тапкан жана салык төлөгөн эмес.

Т.Ц. мекемесин тинтүү маалында 8 миңден ашуун күнү — түнү электр энергиясына жана Интернетке байланышып турган ар кандай моделдеги майнер табылган.

Ишкананын жетекчилиги ага уруксат берген документтерди көрсөтө алган эмес. Ошондой эле электр энергиясын пайдалануу нормадан ашканы, болжол менен 6-7 мегаватты түзгөнү белгиленет.

Анын баасы айына 13-14 млн. сомду түзгөн. Муну Бишкектин бир канча кичирайондору пайдаланган электр энергиясына салыштырса болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты