​Бишкекте Борбор Азия ЖМК конференциясы өтүүдө

Жаңылыктар

Бишкекте бүгүн, 17-июлда, Борбор Азия маалымат каражаттарынын конференциясы өтүп жатат. Конференция эртең да уланат.

Ага Борбор Азиянын беш мамлекетинин: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан Түрмөнстан, ошондой эле Монголия медиа өкулдөрү катышууда.

Алар медиадагы жаңы технология, интернет булактарындагы тоскоолдук жана башка маселелерди талкуулашууда.

Конференцияны Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму уюштурду.

ЖаңылыктарКыргызстанБишкекЖМКБорбор Азияконференция