​Франция экология министри кымбат банкет уюштурганы үчүн кызматтан кетти

  • 5 лет мурун

Mediapart басылмасы тарабынан салык төлөөчүлөрдүн акчасын кыянат пайдаланууга айыпталып жаткан Франциянын экология министри Франсуа Де Рюжи кызматтан кетти.

Бул тууралуу Mediapart басылмасына шилтеме берүү менен Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымат таратты.

Ал меймандар үчүн деңиз жандыктары жана жогорку сапаттагы француз шараптары коюлган кымбат банкеттерди уюштурганы айтылууда.

ЖМКлардын маалыматы боюнча ал банкеттерде куюлган айрым шараптардын бир шишесинин баасы 500 еврого жеткен.

Mediapart басылмасы жарыялаган ашыкча акча сарптоолор Де Рюжи Франциянын Улуттук кеңешинин төрагасы болуп турган маалга туура келет.

Банкеттердин көпчүлүгү Парижде өтүп, аларды саясатчынын жубайы, Gala гламур-журналынын журналисти уюштурган.

Мындан тышкары анда меймандарды деңиз жандыктарынын (омар) түрлөрү менен сыйлашкан.

Бул экологиялык активисттердин кыжырын өзгөчө келтирүүдө. Алар Экология министрлигинин башчысы кызматын сейрек кездешүүчү мындай деңиз жандыктарын сунуштаган киши ээлебеши керектигин билдирип чыгышкан.

Де Рюжи өзү ал банкеттерди «жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуу» деп атап, аларды уюштуруу укугун коргоп келген.

Кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган саясатчы «медианын сотсуз жазалоосуна» кабылганын билдирди.

Кийинчерээк Франсуа де Рюжи өзүнүн кызматтык батирин оңдоо үчүн бюджеттен 63 миң евро короткону белгилүү болгон.

Мындан тышкары саясатчы өлкөнүн батышындагы Нант шаарынан мамлекетке таандык турак-жайды жеңилдетилген шарттар менен ижарага алганы айтылган.

Франсуа де Рюжи бул маалыматтарды жарыялаган басылмага каршы доо арыз жазууга ниеттенип жатканын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты