Кыргызстанга бүгүн Корея премьери Ли Нак Ён келет

Жаңылыктар

Бүгүн, 17-июлда, Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Ал 19-июлга чейин болот.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Кыргыз-корей эки бизнес-форумун, «В2В» түрүндөгү жолугушууларды, ошондой эле бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүү каралган.

Тараптар ар тармактагы кызматташуу маселелерин талкуулайт.

Корея Республикасынын Премьер-министрин Президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

ЖаңылыктарКыргызстанКореяМухаммедкалый АбылгазиевЛи Нак Ён