​Шыкмаматов: “Текебаевдин ишин кайра кароого соттун убакыт керек” дегени бизге түшүнүксүз болууда” (Видео)

Бүгүн, 16-июлда, Жогорку сотто жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карала турган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши 21-августка жылдырылып калгандыгы маалым болду. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракция лидери Алманбет Шыкмаматов соттун жылдырылышы түшүнүксүз болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, материалдар сотко 4 ай мурда берилген.

—Төрагалык кылуучу судья “Иш көлөмдүү, иш менен таанышыш керек. Жаңы жагдайлар боюнча тийиштүү “запросторду” жөнөттүк, бизге ишти изилдегенге убакыт керек” деген жүйө менен сот процессин 21-августка жылдырды.

Биздин адвокаттар материалды сотко 4 ай мурун берген. Жаңы жагдайлар боюнча Прокуратурага материалдар беш ай мурун берилген.

Бирок соттордун “Бизге дагы бир ай убакыт керек” дегени түшүнүксүз болуп жатат. Анын себептерин биз билбей жатабыз.

Сот ушундай чечим чыгарды. Сот отуруму 21-августта уланат.

Соттордун расмий аргументи иштин көлөмү көп, иштин ийне-жибине чейин изилдеш үчүн бизге убакыт талап кылынып жатат деген бүтүмүн чыгарды.

Биз беш жаңы жагдай боюнча материал бергенбиз, кийин алтынчысын да кошконбуз, — деп комментрийледи Алманбет Шыкмаматов.

Орус бизнесмени жана экс-депутаты Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү менен Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов коррупцияга айыпталып, 8 жылдан эркинен ажыратылган.

Сүрөт жана видео: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты