Текебаев менен Чотоновдун ишин Жогорку Сотто кароо 21-августка жылдырылды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 16-июлда, Жогорку сот отурумунда “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Өзгөчө кырдаалдар мурдагы министри, эксэлчи Чотоновдун иши жаңы жагдайларга байланыштуу каралмак. Сот отуруму 21-августка жылдырылып калды.

Сот отурумунун жылдырылышынын себеби бул ишке байланыштуу материалдар көлөмдүү болгондуктан, сот аны карап жетишпей калганы айтылды

Орус бизнесмени жана экс-депутаты Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү менен Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов коррупцияга айыпталып, 8 жылдан эркинен ажыратылган.

Россияда мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты Леонид Маевскийди «Альфа-банк» ээлеринин бири Петр Авен менен Михаил Фридмандан 50 млн доллар опузалап доолады деп айыптап жатышат.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты