​Кочкордо мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду коргоо штабы ачылды

  • 5 лет мурун

Экс-премьердин кичи мекенинде, Нарын облусунун Кочкор районунда Сапар Исаковду коргоо штабы ачылды.

Менчик үйлөрдүн бириндеги штабга каалоочулар аны абактан бошотууну талап кылган кайрылууга кол койсо болот.

Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди:

— Кочкор районунун тургундарынын өз демилгеси менен ачылды. Алар президентке кайрылып, ишти калыс кароону сурап жатышат, -деди Жолдубава.

Мурдагы премьер Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга шектелип камалган.

Сапар Исаков бул айыптоону саясий куугунтук катары эсептейт.

Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты