​Салык кызматы 7,7 млрд сом жашырылган салыкты тапты

  • 5 лет мурун

Салык кызматы алты айда ишкерлерге 5 миң 868 текшерүү жүргүздү. Анын жыйынтыгында 7 млрд 717,4 млн сом өлчөмүндө салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасы бюджетке кошумча эсептелди.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүлөрдүн материалдары боюнча түшкөн акча 5 млрд 874,7 млн сомду түздү.

Бул өткөн жылдын алты айына салыштырмалуу 1 млрд 566,2 млн сомго, же 76,1 %га көп.

Мындан сырткары, жыл башынан бери жалпы кошуп эсептелген 1 млрд 316,4 млн сом өлчөмүндөгү текшерүүнүн 115 материалы укук коргоо органдарына берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты