​Эртең Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён Кыргызстанга келет

  • 5 лет мурун

Эртен, 17-июлда, Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Ал 19-июлга чейин болот.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Корея премьер-министринин расмий сапары алкагында бир катар иш-чара пландаштырылган. Кыргыз-корей эки бизнес-форумун, «В2В» түрүндөгү жолугушууларды, ошондой эле бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүү каралган.

Тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстиль өнөр жайы, маалыматтык технология чөйрөсүндө, маданий-гуманитардык маселелерди талкуулашат.

Корея Республикасынын Премьер-министрин Президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты