​Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү

  • 5 лет мурун

Тажикстандын Исфара шаарында мамлекеттик чек аранын калган участокторунун сызыгын чийүүнү тездетүү үчүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелери боюнча Кыргызстан жана Тажикстан өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тараптар мамлекеттик чек аранын сызыгын жумушчу түрдө чийишип, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган участокторунун сызыгын чийүү боюнча сунуштарды талкуулашты.

Жолугушууда Баткен облусунун Баткен районундагы айрым мамлекеттик чек ара участокторун биргелешип талаада текшерүү өткөрүү жөнүндө макулдашылды. Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүү жана достук маанайда өттү.

Кийинки жолугушуу Тажикстан аймагында пландаштырылганын Кыргыз Өкмөтүнүн мааылматтык кызматы кабарлады. .

Тажик тарап Кыргызстандын Президенти менен Тажикстандын Президентинин жолугушуучу жакында күтүлүп жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты