​Мединага, ажылыкка алгачкы топ жөнөйт

  • 5 лет мурун

16-июлдан 17 –июлга караган түнү Сауд Аравиясына ажылыкка барчулардын бир тобу Мединага жөнөп кетет.

Бул тууралуу Мусулмандар Дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи аба каттамы менен 393 зыяратчы жана 8 топ жетекчиси учуп кетет.

Аларды аэропортто Максат ажы Токтомушев жана дин өкүлдөрү узатат.

Каттоо саат 01:00 дө “Манас-2” терминалында башталат.

«Бардыгы 18 каттам болот. Биринчи алты каттам, ар биринде 400 зыяратчы, Бишкектен учат. Калгандары, 300 зыяратчы Ош шаарынан учат. Акыркы зыяратчылар 1- августта жөнөйт» деп билдирди Дин башкармалыгынан.

Быйылкы жылы Кыргызстандан ажылыкка 6010 жаран барат. Ажылыктын баасы 3 миң доллар турат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты