​Ак-Буура дайрасына унаа менен кулап кеткендердин акыркысы изделүүдө

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 16-июлда, Ош облусунун Ноокат районунун Ак-Буура дайрасына унаа менен түшүп кеткен төрт кишинин акыркысынын сөөгү изделип жатат.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин 14-июлда Ак-Буурага унаа менен кулагандардын арасынан эки эркек, бир аялдын сөөгү табылган.

Ош облусунун Ноокат районунда 14-июлда саат 17:30 чамасында, Ош-Папан-Кожокелен унаа жолунун 60-чакырымында Ак-Буура суусуна ВАЗ-21099 үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымат кабарланган. Унаада 3 эркек, 1 аял болгон.

Ршро күнү кечинде 1963-жылы туулган Р.И. аттуу кишинин сөөгү табылган. 15-июлда саат 07:20да 1946-жылы туулган Р.Э. аттуу кишинин сөөгү табылган.

15-июлда саат 19:00 чамасында 1960-жылы туулган Р.И аттуу аялдын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Түн киргенине байланыштуу кечээ, саат 21:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн издөө иштери улантылууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты