​Иштетилбеген алмазды Кыргызстан өлкөгө кантип киргизет жана чыгарат?

Кыргыз Республикасы Кимберли процессин сертификациялоо эл аралык схемасына кошулду.

Бул чечим баалуу таштарды Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына ташып кирүү жана Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан ташып чыгуу жөнүндө Жобону ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Бул тууралуу чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Кимберли процессин сертификациялоо эл аралык схемасын эске алуу менен тиркемеге ылайык иштетилбеген табигый алмаздарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жана ташып чыгуу эрежелерин бекитүү чечими кабыл алынды.

Кимберли процесси деген эмне?

Кимберли процесси – эл аралык өкмөттөр аралык демилге.

Анын негизги максаты дүйнөлүк рынокко «кандуу» же «чырлуу» деп аталган алмаздардын – мыйзамсыз алынган, аларды сатуудан түшкөн каражаттар аймактык чатактарды жана эл аралык террористтик топторду каржылоого багытталган баалуу таштардын кирүүсүнө каршы күрөшүү болуп саналат.

Ал эл аралык уюм болуп саналбайт, анын туруктуу кеңсеси же туруктуу кызматкерлери жок.

Кимберли процессинин алкагында алмазды сатууну жөнгө салган негизги документ – Кимберли процессинин сертификациялоо схемасы.

Анын максаты – мыйзамсыз алынган алмаздарды, анын ичинде куралдуу жаңжалдар аймактарында кадимки товар жүгүртүүгө аралашуусун четтетүү.

Кимберли процессине кошулган мамлекет өзүнүн улуттук шарттарына, каада-салттарына жана алмаз рыногундагы ордуна ылайык улуттук сертификациялоо схемаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты