​Ала-Арча суусунан уландын сөөгү табылды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 15-июлда, Чүй облусунун Аламүдүн районунда, Ала-Арча суусуна 14-июлда түшүп кеткен уландын сөөгү табылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кечээ, 14-июль күнү Байтик айылындагы Ала-Арча суусуна 1994-жылы туулган улан сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Бүгүн издөө иштерин улантуу үчүн саат 08:00дө Аламүдүн райондук бөлүмүнөн 20 куткаруучу тартылып, саат 11:46да маркумдун сөөгү табылып ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты