​Нарында жер титиреди

  • 5 лет мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 14-июлда, саат 08:36да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кочкор районунун Эпкин, Туз, Ак- Чий, Чолпон айылдарында-3 балл, Кум–Дөбө, Комсомол, Көк–Жар айылдарында -2,5 балл жана Кочкор айылында 2 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты