​Балыкчыдагы айланма жол курулушуна 500 млн сом керектелет

  • 5 лет мурун

Балыкчы шаарындагы айланма жолдун курулушуна 500 млн сом керектелет. Бул каражат Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолун реконструкциялоо болжолдуу долбоорунда каралган эмес.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Балыкчыдагы айланма жолдун абалы менен таанышты.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдиргендей, Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолун реконструкциялоо долбооруна ылайык Балыкчы шаарынын айланма жолунда жасалма курулуштарды куруу, коммуникацияларды орнотуу жана суу өткөрмө түтүктөрүн коюп өтүү жүрүүдө.

Анын айтымында, айланма жолдун курулушуна 500 млн сом керектелет. Бул каражат Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолун реконструкциялоо болжолдуу долбоорунда каралган эмес.

Транспорт жана жолдор министри белгилегендей, унаа жолун реконструкциялоонун баасы баштапкы пландагы 6 млрд 803 млн сомдон 8 млрд 785 млн сомго чейин көбөйгөн.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, унаа жолун реконструкциялоо долбоорунда бул сыяктуу сарптоолорду эске алынган эмес, айланма жолдун курулушуна зарыл каражаттар табылат.

«Бул маанилүү жолдун реконструкциясы тийиштүү эсептөөлөрсүз жана каржы булактары бекитилген долбоорсуз башталган. Мындай чечимдин кесепети бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн бюджетине оор жүк болуп жатат. Бирок Өкмөт аталган жолдун курулушун быйылкы жылы аяктоо үчүн зарыл каражаттарды табат» деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты