«Боинг 737 MAX» үлгүсүндөгү эки учактын кыйрашына байланыштуу программалык директор Эрик Линдблад отставкага кетет

  • 5 лет мурун

«Боинг 737 MAX» учактарын чыгаруу программасынын башчысы, Boeing компаниясынын вице-президенти Эрик Линдблад отставкага кетет.

Бул тууралуу америкалык басылмалар корпорациянын коммерциялык иштер бөлүмүнүн башчысы Кевин Макалистерге таянуу менен билдиришкенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымадады.

Эрик Линдбладдын ордуна ордуна Марк Женкс келет.

Линдбладдын отставкага кетүүсүнө «Боинг 737 MAX» үлгүсүндөгү эки учактын кыйрашы себеп болду.

Авиа кырсыктардан 300дөн ашуун киши мерт болгон. Мындан кийин бул үлгүдөгү учактар учууларын токтоткон.

Лайнерлердин кыйрашына программалык камсыздоодо катачылыктардын кеткени себеп болгону айтылууда. Корпорация кемчиликтер жоюлганын ырастоодо.

400дөн ашуун учкуч “Боингди” сотко берди. Алар «Боинг 737 MAX» учагындагы алешемдиктер жашырылганы үчүн миллиондогон компенсация талап кылышууда.

Бул учактардын учуусуна тыюу салуу компанияны бир миллиард доллар чыгашага кептеди.

Линдблад Boeing компаниясында 34 жыл иштеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты