Путин менен Зеленский Донбасстагы абалды талкуулады

  • 5 лет мурун

Орусия президенти Владимир Путин биринчи жолу Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Өлкө башчылары Украинанын чыгышындагы абал жана туткундарды алмашуу маселесин талкуулашты.

Президенттер “Норманд форматында” сүйлөшүүлөрдү өткөрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу да кеп козгошту.

Донбасстагы абал буга чейин “Норманд форматынын” алкагында Франция, Германия, Украина жана Орусия лидерлери тарабынан талкууланган.

Зеленский Минскиде жаңы сүйлөшүүлөрдү уюштурууну жана бул тизмеге АКШны кошууну сунуштаган.

Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров бул сунуш караларын, бирок “Зеленский маселени фейсбук эмес, алгач дипломатиялык каналдар аркылуу талкууласа туура болмоктугун” билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты