Паспорт даярдоо боюнча келишимге кол коюлду

  • 5 лет мурун

Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык паспорт даярдоо боюнча Англиянын «De la Rue» компаниясы менен кошумча келишимге кол койду.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Макулдашуунун негизинде 500 миң паспорт кошумча даярдалат.

Мамкаттоонун маалыматына караганда, 2019-жылдын 6 айында жалпы 520 210 паспорт (e-ID, жалпы жарандык, дипоматиялык жана кызматтык паспорттор) даярдалган.

Буга чейин Кыргызстанда жалпы жарандык паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендерде чыр чыккан.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге чет өлкөлүк беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган.

Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тендер чыры боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерде «Гарсу Пасаулис» утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган.

Мунун негизинде Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган.

Ал эми мекеменин төрайымыАлина Шаикова кызматтан кеткен. Ушу тапта Сарыбаев менен Абдуллаев үй камагында отурат.

Бул чатакта УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон эле. Учурда бул иш боюнча «Гарсу Пасаулис» Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылганы белгилүү болду.

ылганы белгилүү болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты