Леонид Маевскийди 50 млн доллар опузалады деп айыпташты

  • 5 лет мурун

РИА Новости агенттиги билдиргендей, Россия мамлекеттик Думасынын мурдагы депутаты Леонид Маевскийди «Альфа-банк» ээлеринин бири Петр Авен менен Михаил Фридмандан 50 млн доллар опузалап доолады деп айыпташты.

Бул тууралуу Москванын Тверь сотунда Маевскийдин камактагы мөөнөтүн узартуу маселеси каралып жаткан жыйында белгилүү болду.

Сотте берилген документте Маевский 2018-жылдын октябрь-ноябрь айларында Авен жана Фридмандан “алардын укугуна жана мыйзамдуу кызыкчылыгына олуттуу зыян алып келе турган маалыматты таратуу” менен коркутуп, 50 млн доллар опузалап доолаган.

Маевский кандай маалыматты ачыктары тууралуу айтылган эмес, ал “Альфа-банк” ээлери менен гана жолугушканы айтылган.

Леонид Маевский 2018-жылдын ноябрь айында ири акча опузалагандыгы боюнча камакка алынган.

Анда кимдерди коркутканы тууралуу айтылган эмес. Маевский менен бирге анын мурдагы басма сөз катчысы Максим Букин да камалган.

Маевский 1999-2003-жылдары Мамдума депутаты болгон.

Кыргызстанда Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү менен “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов коррупцияга айыпталып, 8 жылдан эркинен ажыратылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты