Греция: Катуу шамалдан чет өлкөлүк туристтер ажал тапты

  • 5 лет мурун

Грециянын түндүк-батышындагы Халкидики жарым аралында катуу шамалдан кеминде алты турист каза болду. Алардын экөө – орусиялык. “Рейтер” агенттиги кабарлагандай, Неа-Потидея аймагындагы мейманканадан алыс эмес жерде бир киши жана анын эки жаштагы уулуна бак кулаган.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Греция басылмалары ажал тапкан туристтердин арасында Чехия жана Румыния жарандары бар экенин жазышууда. Алдын — ала маалыматтар боюнча шамалдан чехиялык жубайлардын автоунаасы оодарылып кеткен.

Неа-Плагия шаарчасындагы ресторандын чатырынын бир бөлүгү кыйрап, румыниялык аялдын жана анын сегиз жаштагы уулунун үстүнө түшкөн.

Катуу бороондун кесепетинен жүздөн ашуун киши ар түрдү жараат алды. Жергиликтүү бийлик жарым аралга өзгөчө кырдаал киргизди.

Мөндүр, бороон коштогон аба ырайы Грециядагы 40 градус ысыктан кийин болду.

Испаниянын түндүгүндө, Франциянын түштүгүндө, Италияда жана бир катар Балкан өлкөлөрүндө да катуу шамал болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты