Түркияда каза тапкан жарандын сөөгү эртең Кыргызстанга жеткирилет

  • 5 лет мурун

Түркиянын Аланья шаарында өлтүрүлгөн Кыргызстандын жараны Муктарбек Иманалиев боюнча Стамбул шаарындагы Башкы консулдук кошумча маалымат берди.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

2019- жылдын 10- июлунда башкы консул Эркин Сопоков Анталья провинциясына барып, тапанча менен атып өлтүрүлгөн КР жараны Муктарбек Иманалиевдин жубайы жана туугандары менен жолугушту.

Туугандарына көңүл айтып, кылмыш- жаза иши Башкы консулдук тарабынан көзөмөлгө алынгандыгын билдирди. Ошондой эле бул кылмыш-жаза ишине тиешелүү консультация берди.

Башкы консул Аланья шаарынын прокурору Ясин Эмре менен жолугуп, окуяны калыс жана эртерээк карап чыгуу жөнүндө өтүнүчүн билдирди.

Ошондой эле башкы консул Сопоков маркум Иманалиев эмгектенип жүргөн «Long Beach Hotels» отелинин жетекчилиги менен жолугушту.

Белгилей кетчү нерсе, бул отелде 60 тан ашык КР жараны иштейт.

Башкы консулдук тарабынан маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселеси чечилди. Туугандары менен макулдашуунун негизинде, маркумдун сөөгү эртең, 12- июлда, «Пегасус Азия» авиакомпаниянын рейси менен алып кетүү күтүлүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты