​Дүйнөдө бүгүн шоколад күнү белгиленүүдө

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 11-июлда, дүйнөдө шоколад күнү белгиленип жатат (World Chocolate Day).

Шоколад күнүн белгилөөнү 1995-жылы француздар ойлоп тапкан.

Шоколадды испандыктар “кудайдын тамагы” деп эсептеп келишкен.

Окумуштуулар какао кошулган кара шоколадды күнүгө 50 граммдан жеп койсо болорун айтышат. Россиялык окумуштуу Алексей Буеверов ушундай пикирде.

Анын оюнча шоколад адамга күч-кубат берет, маанайын ачат.

Бирок врачтар шоколадды ашказан алдындагы бези ооругандар абайлап жеши керектигин белгилейт.

Шоколадды көп жегенде ашыкча салмак кошулат, зат алмашууга терс таасир этип, тишти кариес кыларын да унутпаш керек экенин врачтар эскертет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты