Молдакун Абдылдаевдин жубайынын сөөгү табылды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 10-июлда, саат 17:20 да Арал айылынан эки чакырым ылдый Көкөмерен дарыясынан аялдын сөөгү табылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал — Молдакун Абдылдаевдин жубайы Тинатин Шадыканованын сөөгү болуп чыкты.

30-июнь күнү эртең мененки саат 10 чамасында Көкөмерен дайрасына унаасы менен машина түшүп кеткен. Анын ичинде Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев, жубайы, уулу, небереси жана айдоочусу болгон.

Молдакун Абдылдаевдин жана айдоочунун сөөгү 2-июлда табылган жана андан кийин секелек кыздын сөөгү табылган.

27 жашар уулунун сөөгүн издөө улантылууда. Аны издөөгө 100 дөн ашык куткаруучу тартылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты