​Жаза аткаруу кызматы: «Аида Салянова №1 абак жайынын дарыгерлеринин көзөмөлүндө»

  • 5 лет мурун

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы мурдагы баш прокурор Аида Салянова 6-июнда №1 тергөө абагына камалганда тиешелүү медициналык текшерүүдөн өткөнүн билдирди.

-15-июнда дарыгерлер консилиуму аны Кардиология жана терапия улуттук борборунда дарыланууга сунуш кылган.

Салянова 15-29-июнда аталган дарылоо жайында жүрөгүнүн дарты боюнча стационардык дарылоодон өтүп келди.

Учурда Салянованын саламаттыгы салыштырмалуу канаттандырарлык, ал №1 абак жайынын дарыгерлеринин көзөмөлүндө, — деп билдирди Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы.

Буга чейин адвокат Рабига Сыдыкова экс-баш прокурор Аида Салянованы тергөө абагында кыйноого алып жатышат деп Кыйноолорду алдын-алуу борборуна кайрылган.

«Салянова №1 тергөө абагында өзүн жаман сезип жатат. Дем алуусу оорлоп, жүрөк тушу сайгылашып турат. Уйкусу качып, тез арада ооруканага жатууга муктаж» деп айткан адвокат.

Белгилүү криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу экс-баш прокурор Аида Салянова 4-июнда камакка алынган.

Алты жыл мурда кримтөбөл Азиз Батукаевдин ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылган.

Батукаевдин бошотулушу боюнча мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов кармалып, кайра бошотулган болчу.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө. Анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган.

Нарындын экс-соту Ж.А. нын жоопкерчилиги карала баштаган. Мурдагы прокурор Майрамбек Акматалиев кармалып, үй камагына чыгарылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты