Сооронбай Жээнбековдун Швейцария сапары (Фоторепортаж)

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-июлда Швейцария Президенти Ули Маурер менен жолугушту.

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июлда, бир күндүк расмий сапар менен Швейцария Конфедерациясында жүрөт.

Сапар Берн шаарындагы «Лон Манор» резиденциясында Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Президенти Ули Маурер менен расмий жолугушуу аземинен башталды.

Резиденцияда Кыргызстандын жана Швейцариянын мамлекеттик желектери көтөрүлүп, Ардактуу кароол тизилген.


Эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып, Сооронбай Жээнбеков жана Ули Маурер Ардактуу кароолду кыдырышты жана расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

Мамлекеттер башчылары чакан курамда сүйлөшүүлөргө бет алышты, андан соң жолугушуу кеңейтилген курамда уланат.

Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Федералдык жыйындын Улуттук кеңешинин Төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банкынын Төрагасы Томас Йордан менен жолугушат.


Мамлекет башчы ошондой эле Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.

Cүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты