Элчилик Екатеринбургда иш таштаган кыргызстандык айдоочулардын талаптарын угат

  • 5 лет мурун

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Екатеринбургда иш таштаган кыргызстандык айдоочулардын талаптарын угат.

Бул боюнча Екатеринбургдагы консулдукка тапшырма берилгенин элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

9-июлда маршруттук каттамдарда айдоочу болуп иштеген кыргызстандык 100дөн ашык мигрант иш таштаган. Алар айлык акыны көтөрүү, эмгек укуктарын коргоону талап кылышкан.

Жергиликтүү маалымат каражаттары бул күнү кыргызстандык айдоочулар гана иш таштаганын, Өзбекстан менен тажикстандык айдоочулар кадимкидей иштегенин жазып чыгышты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты