Укубаев: «ЖЭБ модернизациясын бардык фракциялар колдогон»

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 10-июлда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда ЖЭБ модернизациясы боюнча сот процесси уланууда.

Анда “Электр станциялары” акционердик коомунун сырткы байланыштар бөлүмүнүн мурдагы башчысы Маматмуса Укубаев экс-премьер Сапар Исаковдун кайсы парламенттик фракциялар Кытайдын “Эксимбанкы” менен макулдашууну колдоду эле деген суроосуна жооп берип, бардык фракциялар колдогонун билдирди.

“Бул ири долбоор болгон. Биз “Эксимбанктан” кредитти өкмөттүн кепилдиги менен гана ала алмакпыз. Ал убакта TBEA компаниясы гана алгылыктуу болгон. Бул долбоорду бардык парламенттик фракциялар колдогон. Бирок россиялык СМЕС компаниясын да түртмөлөгөн депутаттар болгон» деди ал.

Ошондой эле ал кытай тарап подрядчик TBEA компаниясы болушу керектигин айтып, бир нече ирет нота жиберип турганын белгиледи.

Тергөө ЖЭБ модернизациясы боюнча Кытайдан алынган 386 миллион доллар каражатты пайдаланууда коррупцияга жол берилген деп эсептейт.

Сот 28-февралдан бери болуп жатат.

ЖЭБге байланыштуу кылмыш ишинде экс-премьерлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, “Энергохолдинг” компаниясынын башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялар” ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов, “Энергохолдинг” башчысынын орун басары Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов, финансы министри Ольга Лаврова айыпталып жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты